09:13
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Быйыл Чүй облусунда 22 чакырым жолго асфальт төшөлөт

Бишкек-Торугарт унаа жолундагы Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылында грейдер менен жээктерди профилдөө иштери башталды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы Жол чарба департаменти тарабынан Чүй облусунун бир канча жолдорун оңдоо пландалган. Техника жана жумушчу күчтөрү толугу менен даяр. Жакынкы аралыкта график менен жазгы иштер башталат.

Быйыл Чүй облусунда 22 чакырым жолго асфальт төшөлөт. 30 чакырым жолго шагыл төшөө пландалган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар