04:53
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Кара-Кулжа районунда 41 жаштагы айдоочу каза тапты

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда 41 жаштагы айдоочу каза тапты. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун тургуну «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаасы менен Кара-Кулжада бара жатып, рулду башкара албай калган. Натыйжада жолдун ортосундагы тосмону сүзгөн.

Айдоочу кырсык болгон жерден каза болду.


Эң көп окулган жаңылыктар