03:24
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Каракол—Эңилчек унаа жолундагы кырсыкта 3 киши жабыркады

Каракол—Эңилчек унаа жолунун 4-чакырымында, тактап айтканда Ак-Суу районунун Маман айылындагы жол кырсыктан 3 эркек киши жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «ВАЗ-2106» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, даракты сүзүп токтогон.

Куткаруучулар унаага кыпчылып калган айдоочуну чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришти. Ал эми жабыркагандар Каракол шаардык ооруканасына жеткирилди.

Эң көп окулган жаңылыктар