03:18
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Жаңы дайындоолор. Өлкөнүн 3 районунун акимдери дайындалды

Өлкөнүн 3 районунун акимдери дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
 
Маалыматка ылайык, Данияр Арпачиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы, Нурлан Шаршеналиев Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы, Өмүр Ногоев Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы — акими болуп дайындалды.
 

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Эң көп окулган жаңылыктар