Жалал-Абадда энеси өз кызын чынжыр менен байлап салган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жалал-Абад ОИИБдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-февралда кызды жергиликтүү тургундар шаардык автобекеттин жанынан таап алышкан.
«Жабырлануучу 9-класстын окуучусу. Ата-энеси ажырашып кетишкен. Кызды энеси багып жүргөн, бирок ал буга чейин энесинин жанынан бир канча жолу качып кеткен», -деп билдиришти ОИИБдан.

