Өлкөдө 1 миллион 627 миң 296 мал ири мүйүздүү мал катталды. Бул тууралуу Статистикалык комитет маалымдайт.
Ал эми койлор жана эчкилердин саны 6 миллион 167 миң 949. Жылкы — 498 миң 684.
Кыргызстанда каттоого алынган төө — 246. Андан тышкары, 28 миң эшек бар.
Белгилей кетсек, Ири мүйүздү малдын көпчүлүгү (22 пайызы) Ош облусундагы чарбаларга тийиштүү. Ал эми койлордун 21 пайызы Жалал-Абад облусунда катталган. Бул аймакта ири мүйүздүу малдын 20 пайызы багылат.
Жылкынын эң көбү — 23 пайызы Нарында (119 миң).