18:55
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Атамбаевдин «саясый туткундары». Бекболот Талгарбековду Жогорку сот актады

14 жылга эркинен ажыратылган президенттин мурдакы аппарат башчысы Бекболот Талгарбеков акталды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирет.

Бекболот Талгарбеков калган «Элдик парламенттин» мүчөлөрү менен бирге мамлекеттик төңкөрүш жасоо айыбы менен соттолгон. Аларга Кылмыш кодексинин 27 берененин 295 бөлүгү — «бийликти күч менен басып алууга даярдануу» жана 341 бөлүгү — «Бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдык» айыбы тагылган.

Бекболот Талгарбеков жана Толубай Колубаев 14 жылга эркинен ажыратылып, мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө өтөйт. Ал эми Марат Султанов 10 жылга, Тойгонбек Калматов 5 жылга шарттуу, Александр Гусев 6 жылга шарттуу түрдө кесилди.

Бекболот Талгарбеков бийликти күч менен басып алуу айыбы боюнча акталып, «улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен 5 жылга соттолду. «Элдик парламенттин» калган бийлик мүчөлөрүнүн мөөнөтү күчүндө калды.

Эң көп окулган жаңылыктар