22:43
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Ош—Исфана унаа жолундагы кырсыкта бир киши набыт болду

Ош—Исфана унаа жолунун 62-чакырымында жол кырсыктан 86 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын 1976-жылы туулган тургуну «Хонда Степвагон» унаасын башкарып бара жатып Ноокат районунун 1933-жылы туулган тургунун сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу Ноокат аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, бирок каза болду.

Бул кырсык боюнча Ноокат РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар