Ош—Араван унаа жолунун 10-чакырымында жол кырсыгынан бир киши каза болуп, эки киши жабыркады. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти
Маалыматка караганда, Кара-Суу районунун 1964-жылы туулган тургуну А.К.нын башкаруусундагы «Дэу Матиз» жолдун четине чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Араван районунун 1997-жылы туулган тургуну окуя болгон жерде каза болгон. Унаадагы башка 2 жүргүнчү Ош шаардык ооруканасына жеткирилген.
Ал эми айдоочу жаракат алган эмес.
Аталган кырсык боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

