11:59
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Ошто эки кызын батирге таштап кеткен аял изделүүдө

Ош шаарында батир жалдаган аял эки кызын үй ээсине таштап кеткен. Бул тууралуу ШИИБдан билдиришти. 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кечээ күнү шаар аймагында «Түнкү ѳспүрүм» деген аталыштагы рейддик иш чара ѳткѳрүштү. Анын алкагында Ак-Буура милиция бѳлүмүнүн жашы жетелек ѳспүрүмдѳр менен иштѳѳ инспекциясынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын Ѳзгѳн кѳчѳсүндѳгү батирлердин бирине кароосуз ташталып кеткен эки жаш бала аныкталды.

Маалым болгондой, аты-жѳнү белгисиз келин эки жаш кыздары менен убактылуу жашап туруу үчүн батирди ижарага алган. Бир күндѳн соң жумушка кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Үй ээсинин айтуусунда, 10 күндѳн ашуун убакыт ѳттү, балдардын апасы кайрылып келген жок.

Жаш балдар Ош шаарынын балдар үйүнѳ ѳткѳрүлүп берилди. Учурда балдардын ата-энесин издѳѳ иштери жүргүзүлүүдѳ.

Эң көп окулган жаңылыктар