23:04
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Баткенде болгон жол кырсыгынан 5 киши набыт болду

Баткен облусунда болгон жол кырсыгынан 5 киши набыт болду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-январь күнү болжол менен саат 20:30да 51 жаштагы И.М. «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаасы менен Ош-Исфана жолунда бара жатып, унааны башкара албай жолдун карама-каршы тилкесине чыгып кеткен. Натыйжада «Мерседес Бенц Спринтер 313» үлгүсүндөгү жүк ташуучу кичи автобус менен сүзүшкөн. Экинчи унааны Бужум айылынын 25 жаштагы О.У. аттуу жараны башкарып келе жаткан.

Кырсыктан «Дэу Нексиянын» айдоочусу менен эки жүргүнчүсү окуя болгон жерден жан берди. Унаада отурган эки киши Баткен облусунун жандандыруу бөлүмүндө каза болду.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, каза болгондор Өзбекстандын жарандары болушкан.

Эң көп окулган жаңылыктар