21:16
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там унаа жолундагы кырсыктан 2 киши набыт болду

Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там унаа жолунун 18-чакырымында жол кырсыктан 2 киши набыт болду. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Алай районунун тургунунун башкаруусунд «ВАЗ-2107» унаасы жолдун четиндеги даракты сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана унаанын жүргүнчүсү каза болгон.

Кара-Суу РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар