21:26
USD 87.45
EUR 102.86
RUB 1.14

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты

Кечээ Бишкектеги Сүйөркулов көчөсүнүн № 33 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 2- кабатында батирден чыккан өрт саат 23:57де толук өчүрүлгөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ ӨКМнын куткаруу бөлүмүнө өрт тууралуу билдирүү келген.

Болжолдуу түрдө батирдин 45 чарчы аянты жана үй-тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар