12:59
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ырчы Самара Каримова кайненесине норка шуба кийгизди

Ырчы Самара Каримова кайненесине норка шуба кийгизди. Бул тууралуу ырчы Инстаграм баракчасына жазып, кайненеси жана абысыны менен түшкөн сүрөтүн жүктөдү.

«Ажы апаке өмүрүңүз узун болсун! Жаны-жылга белегим эми тийди сизге. Концерттерди ийгиликтүү өткөрүп, эс алып сюрприз жасадык. Жалаң жакшы күндөргө кийиңиз. Төрүбүздүн көркү болуп, ак бата берип жүрө бериңиз. Келин болуп келген күндөн бери сизден көп нерсе үйрөндүм. Өз кызыңыздай балдарыныздын катарына кошуп алганыңызга ыраазымын. Кудай буйруса уулдарым чоңоюп келин алсак менда өзүңүздөй кайнене боломун. Насааттарыныз үчүн чоң рахмат! Норка шуба ажы апама абдан жакты. 4 келинбиз, бул тараптагы татынакай , 6 баланын апакеси Дилфуза абысыным. Чыгармачылыгымды колдоп сүрөгөн кайын журтума чоң рахмат. Кайын журтум менен сыймыктанам!», -деген билдирүү жазган ырчы.

Эң көп окулган жаңылыктар