19:47
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарык төмөнкү даректерде өчөт:

Саат 9:30дан 12:00гө чейин 5-кичи району (темир жол № 80, 72/1, 73, 82, 81, 46-үйлөрүндө);

Саат 9:30дан 17:00гө чейин Юнусалиев, Жантөшев көчөлөрүндө;

Саат 09:00дөн 17:00гө чейин Асанбай кичи району (темир жол, № 21, 22, 23, 25, 27, 28, 29, 78/2, 78/3, 78/4-үйлөрүндө), Тунгуч кичи району (темир жол аймагы, № 34а, 51, 54, 55, 56, 58, 72, 73, 74, 58-үйлөрүндө);

Саат 9:30дан 13:00гө чейин Заречная, Артемовская, Эркиндик бульвары, Карский тар көчөсү, Кырк-Чоро жаңы конушунда;

Саат 13:00дөн 17:00гө чейин Ак-Тилек жаңы конушу (Мажүрүм-Тал, Чалдыбар, Жерге-Тал көчөлөрүндө), Төкөлдөш (Төкөлдөш, Чынара, Менделеев көчөлөрүндө);

Саат 9:30дан 18:00гө чейин Абдумомунов, Үмөталиев, Рыскулов, Самойленко, Мостовой, Чыңгыз Айтматов кең көчөсү, Арча-Бешик жаңы конушу, Таалай, Манас көчөлөрүндө, Жети-Өгүз тар көчөсүндө;

Саат 9.30дан 17.00гө чейин Ак-Ордо жаңы конушунда (Бугу-Эне, Бар-Булак), Репин, Алыбаев көчөлөрүндө;

Саат 9:00дөн 17:00гө чейин Мурас-Ордо жаңы конушунун аймагында электр жарыгы өчүрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар