19:48
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Свердлов райондук администрациясынын башчысы болуп Мурат Осмонов дайындалды

Бишкек шаарындагы Свердлов райондук администрациясынын башчысы — аким болуп Мурат Осмонов дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койгон.

Мурат Осмонов кесиби боюнча физик-инженер жана юриспруденция багыты боюнча билими бар. Буга чейин ал Сокулук районунун администрациясынын аппаратын жетектеген.

Эң көп окулган жаңылыктар