21:06
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков кызматынан кетти

Бишкектеги Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков кызматынан кетти. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Самарбек Болотбеков башка кызматка которулуп жатканына байланыштуу иштен кетүү тууралуу арызын жазды.

Бүгүн ал райондук коллегиянын акыркы пландык отурумун өткөрдү.

Самарбек Болотбеков кызматтан кетүүсү тууралуу маалымат берген жок. Ал районду 2016-жылдын 13-июлунан тартып башкарып келген.

Эң көп окулган жаңылыктар