15:51
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Суроо-жооп. Ата-эне алдында уул гана милдеттүүбү, же кыздары дагыбы?

24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Үй-бүлөм бар. Апам ооруп жүрөт. Кымбат балуу дарыларды сатып алууга акчадан кыйналып жатабыз. Эки эжем бар. Абдан жакшы акча табышат. Алар дагы апама жардам бериши керекпи? Же күйөөгө тийгенден кийин бул милдеттен бошотулабы?

Жооп: Ислам ата-энени сыйлоого, кадырлоого чакырат. Мусулман жынысына карабай өз ата-энесине жардам берүүгө милдеттү. Ата-эненин батасын алууга аракет жасоо керек.

Сиздин эжелериңиз күйөөсү барбы, жокпу, балалуубу, ага карабай ата-энесинин алдындагы жоопкерчилигин унутпаш керек. Апаңыз үчүн зарыл болгон учурда сиз уялбай эле аларга кайрылсаңыз болот.

Эң көп окулган жаңылыктар