11:02
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Суроо-жооп. Мусулман кыз башка диндеги жигитке турмушка чыга алабы?

24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Мен кызым чет өлкөдө окуйт. Азыр башка улуттагы жаранга турмушка чыкканы жатат. Анүстүнө мусулман да эмес экен. Кызым аны менен баш кошо алабы?

Жооп: Куранда башка диндин өкүлүнө турмушка чыгууга түз тыюу салуу жок. Бирок кыйыр түрдө ага каршы билдирүүлөр бар. Мисалы, ( Куран, 2:221) «ишенимге киргенче динсиз менен турмуш курбагыла» деп айтылат.

Негизи мусулман эмес эркек менен үй-бүлө курууга каршы аргументтердин бири катары исламда үйдө эркек башчы болуп, аял анын жолун жолдочуу экендиги, демек аял күйөөсүнүн дини менен кетиши керектиги айтылат. Балдарды тарбиялоодо дагы атасынын жолунан басым жасалат. Демек, мында ислам балуулуктарынан баш тартылат.

Ошондуктан, сиз кызыңызга буларды түшүндүрүү менен болочок күйөө-балаңызга исламды кабыл алууну сунуштасаңыз болот.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума