16:04
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

«Таблиги Жамаат» диний уюмдун активдүү мүчөсү 3 жарым жылга эркинен ажыратылды

Бишкектеги Биринчи Май райондук соту «Таблиги Жамаат» диний уюмунун активдүү мүчөсүн 3 жарым жылга эркинен ажыратты. Ага документти жасалмалаган жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет жасаган деген айып коюлду.
 

Маалыматка караганда, Тажикстандын жараны 9 жыл Бангладеште жүрүп, «Таблиги Жамааттын» негиздерин жана идеяларын окуп үйрөнгөн.

«Ал өз мекенине Кыргызстан аркылуу барууну көздөп паспорт жасаткан. 2018-жылдын сентябрында ал жасалма паспорт боюнча Бишкекке келген. Аба майдандагы өткөрүү пунктунан шектүү колго түшүрүлгөн», —деп жазылат өкүмдө.

Эң көп окулган жаңылыктар