06:54
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Унааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу. Тариф орто эсеп менен 2210 сомду түзөт

Кыргызстанда унааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруунун тарифи бир жылда орто эсеп менен 2 миң 210 сомду түзөт, ал эми максималдуу жогору тарифи — 6 500 сомду түзөт. Бул тууралуу Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин базалык полистин эң төмөнкү баасы — 1 миң 680 сомду түзөт деп айтылган.

Эске салсак, Кыргызстандын өкмөтү унааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруунун (ОСАГО 12) кепилдик фондун түзөт. Анда камсыздандыруу тарифи унаанын үлгүсүнө, чыккан жылына, кыймылдаткычынын көлөмүнө, өлкөнүн жол кырсыктар статистикасына жана айдоочунун жол кырсыктарына кабылбай айдаганына, айдоочунун тажрыйбасына жараша аныкталат.

Азыркы күндө тарифтик сетка аягына чейин иштелип бүтө элек.

Айдоочулар камсыздандыруу полиси жок унаа башкарса 3 миң сомдук айып төлөшөт. Юридикалык жактар 13 миң сом айыпка жыгылат.

Эң көп окулган жаңылыктар