14:34
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстанда 1 жыл аралыгында АКШ долларынын курсу 1,5 пайызга өстү

2018-жылдын башынан тартып, 2019-жылдын 8-январына карата АКШ долларынын курсу 1,5 пайызга же болбосо 68,8395 сомдон 69,84 сомго чейин өстү. Бул тууралуу Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен президент Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусунда маалым болду.

Жолугушууда валюта рыногундагы учурдагы жагдай, акча-кредиттик саясат, банк секторундагы азыркы абал, ошондой эле улуттук валютанын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Толкунбек Абдыгуловдун маалыматына ылайык, Улуттук банк 2018-жылдын ичинде 168,25 миллион АКШ долларын сатуу боюнча тогуз ирет интервенцияны ишке ашырган жана 20,55 миллион АКШ долларын сатып алуу боюнча эки ирет интервенция жасаган.

Эң көп окулган жаңылыктар