18:25
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Соттолгон 8 миң жарандын төрт жүз алтымышынын кармалыш шарттары өзгөрүшү мүмкүн

ЖАМК соттолгондордун баарын текшерүүгө ала баштады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган ведомстводон билдиришти.

Текшерүү жаза мөөнөтүнүн өзгөрүп калышына таасир бериши мүмкүн. ЖАМКтын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 8 миң соттолуучу бар, алардын ичинен 460 кишинин кармалыш шарттары жана мөөнөттөрү өзгөрүшү мүмкүн.

«3 ай аралыгында камакта отургандардын баарын текшерип чыгып, материалдарды сотко кайра карап чыгышы үчүн жөнөтөбүз. 6 ай ичинде сот чечим чыгарышы керек», -деп билдиришти ЖАМКтан.

ЖАКМтан билдиришкендей, Жемкорлук боюнча айыпталган Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов ушул жылдын 20-мартынан тарта жатак абакка которулушу ыктымал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума