Чүй облусуна карашатуу Лебединовка айылында азык-түлүк дүкөнүнүн кампасынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өрт тууралуу билдирүү кечээ саат 15:57де келип түшкөн.
«500 чарчы метрлик кампа өрттөнгөн. Жабыркагандар жок. Кырсыктын келип чыгуу себептери аныкталууда. Өрт саат 23:41де өчүрүлдү», -деп билдиришти ӨКМдан.