Чүй облусуна карашатуу Аламүдүн районундагы жол кырсыктын кесепетинен адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Өзгөчө кыдаалдар министрлигинен билдиришти.
Окуя Кайырма айылынан Арчалы айылына баруучу унаа жолдо болгон.
«Гольф-3» үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун боюндагы бакты сүзгөн. Анын кесепетинен 1 аял каза болду.