Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында 750 чарчы метр аянттагы бильярд клубунда өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Өрттүн кесепетинен 5 бильярд столу, 25 кий жана тиричилик буюмдары күйгөн.
Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн себептери такталып жатат.
Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 15 өрт кырсыгы катталды.