Бүгүн Бишкек шаарынын Ахунбаев менен Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ШИИББнын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, «Мерседес-Бенц» менен № 9 автобус кагышкан.
Адамдар жабыркаган эмес. Унаалар айып аянтчасына токтотулуп, топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.