18:27
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Ден соолук» балдар лагеринин жеринин бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл райондук прокуратурасы «Ден соолук» балдар лагеринин жеринин бир бөлүгүн мамлекеттин менчигине кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

2000-жылдын декабрында Чолпон-Ата шаардык башкармалыгы жана Ысык-Көл райондук администрациясы фиктивдүү токтомдун негизинде лагердин 2,7 гектарын У.А. аттуу жаранга берип коюшкан. Кийин жер аянтын 26 бөлүккө бөлүп сатып жиберишкен.

«Прокуратура токтомду жокко чыгаруу тууралуу өтүнүч жиберген. Сот аны канаттандырды. 37 миллион 692 миң сомго бааланган жер аянты мамлекетке өткөрүлүп берилди», -деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар