Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Ала-Бука — Каныш-Кыя (62-100-чак.), Красная-Горка-Ак-Таш (1-9-чак.) жана Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (74-76, 88-89 жана 100-115-чак.) унаа жолдорунда 2018-жылдын 22-декабрынан 26-декабрына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.