14:20
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Улуттук тарых музейи жаңы жыл башында ачылат

Улуттук тарых музейи жаңы жыл башында ачылат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов билдирди.

Анын айтымында, Тарых музейин оңдоо боюнча козголгон иштер жыл аягында жыйынтыкталат.

«Эгер кылмыштык териштирүүлөр бүтүп калса, жаңы жылда ачабыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, 2015-жылы Премьер-министринин буйругу менен Мамлекеттик тарых музейи Түркия Республикасынан берилүүчү жардамдын эсебинен оңдоо тапшырмасы берилген. Келишим боюнча Түркия тарап гранттык каражат катары 15 млн АКШ доллар каражатты 3 жыл ичинде бөлүп берүүсү каралган. Жогоруда аталган гранттык каражаттардын 4 млн АКШ доллардан ашыгы Музейдин тегерек-четин жана ага жанаша аймактарын көрктөндүрүү менен фасаддык бөлүгүн оңдоо иштерине сарпталган.

Музейдин ички бөлүгүн реконструкциялоо жана тийиштүү жабдууларды сатып алуу үчүн Турак-жай жана жарандык курулуш департаментине жалпысынан мамлекеттик бюджеттен 1 млрд. 569 млн. 477 миң сом бөлүнүп берилген.

Эң көп окулган жаңылыктар