07:22
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстан Өзбекстанга сүт азыктарын сата баштады

Кыргызстан Өзбекстанга сүт азыктарын сата баштады. Бул тууралуу маалымат жыйында Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык кызматтын директору Калысбек Жумаканов билдирди.

Анын айтымында, коңшу өлкөгө 500 тонна сүт экспорттолду.

«Сүт азыктарынын экспорту быйыл эки эсеге өстү десек болот. Былтыры 14 тонна сатылса, быйыл 24 тонна сыртка чыгарылды», — дейт ал.

2018-жылдын 11 айында 1,5 миң тонна эт сатылган. Анын ичинен 624 тонна койдун эти.

Ал эми ЕАЭБнын жалпы реестрине катталган кыргызстандык ишканалардын саны 66га жетти.

Эң көп окулган жаңылыктар