02:58
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Суроо-жооп. Сөөктү канча күн ичинде жерге берүү керек?

24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Жакында курбум каза болуп, анын тажыясында туугандары сөөктү канча күн кармаш керектигин талашып жатышты. Ислам боюнча сөөктү канча күн ичинде жерге берүү керек?

Жооп: Сөөктү тезарада жерге берген оң. «Өлгөн кишини жерге берүүгө шашылгыла. Эгер ал жакшы киши болсо, эрте көмүп силер аны ал ала турган сыйлыктарга тезирек жеткиресиңер. А эгер ал жаман киши болсо, андан силер андан кутуласыңар» , - дейт бул боюнча Мухаммед пайгамбар (Бухари, Муслим, Абу Дауд).

Бул хадис сөөктү үч күн сактабай биринчи эле күнү жерге берген оң экендигин айтат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума