Бишкек шаардык кеңеши эмне үчүн 800 миң сомго белек сатып алып жаткандарын 24.kg агенттигине түшүндүрүп беришти.
Бишкектин социалдык өнүгүү башкармалыгы БШКга мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана ата-энеси жок балдар үчүн белек алууга жардам берүүнү өтүнүп кайрылышкан. Ага ылайык, 1000 белек сатып алуу пландалган.
Балдар үчүн майрамды 26-декабрда уюштурушат. Ал жакта белектер тапшырылат.
Белектердин жалпы салмагы 1, 751 килограммдан кем эмес болушу керек.