08:26
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкекте кыркылып жыйылган чырпык, дарактар күйүп кетти

Кечээ саат 01:30 чамасында Бишкек шаарынын Свердлов районунун Щербаков көчөсүнүн № 55 дарегинде жайгашкан «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын аймагында, кыркылып жыйылган бак-дарактардан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кесепетинен болжол менен жалпы 1000 м3 кыркылып жыйылган чырпык, дарактар күйгөн.

Тартылган күчтөрдүн жардамында саат 05:28де өрт чектөөгө алынып, саат 14:04дө толук өчүрүлгөн. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн себеби такталууда.

 
Эң көп окулган жаңылыктар