Бүгүн Бишкектин бир нече аймагында электр жарыгы жок болот. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ишканасынан билдиришти.
Оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы төмөнкү даректерде өчөт:
09.30-14.00 — Көк-Жар конушундагы Горький менен Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши;
10.00-18.00 — Дордой конушу;
12.00-16.00 — 3-кичи райондогу № 1-7 үй;
09.30-12.00 — 11-кичи райондогу № 5, 6, 9/1 үйлөр;
09.00-17.00 — Патрис Лумумба көчөсүндөгү № 68-74, № 92-72 үйлөр;
09.30-18.00 — Ак-Өргө конушундагы Аймончок көчөсү;
13.00-17.00 — Москва, Турусбеков көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Шевченко туюк көчөсү;
09.30-12.00 — Токтогул, Үмөталиев, Тимирязев, Сыдыков көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
09.30-18.00 — Каарман, Алтай туюк көчөлөрү;
09.30-17.00 — Васильев көчөсүнүн бир бөлүгү, Жол туюк көчөсү.