02:05
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«РусГидро» Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын 50 пайыз акциясын сатат

«РусГидро» «Жогорку Нарын ГЭСтер каскады» жабык акционердик коомунун 50 пайыз акциясын сатыкка чыгарды. Чечимди директорлор кеңеши кабыл алды.
 
2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, Камбар-Атаны «Интер РАО» ишканасы, Жогорку Нарын ГЭстер каскадын «Русгидро» курмай болгон.​ Бирок иш создугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсациялаган соң Орусия курулушка 37 миллион доллар сарптаганын билдирип, аны төлөп берүүнү талап кылып келе жатат. Ал эми кыргыз тарап бул суммадан күмөн санап, эл аралык аудит өткөрүүнү талап кылууда.
 

Орусиянын компаниясы 31-октябрда Гаага сотуна кайрылган. Ага кыргыз өкмөтү 2019-жылдын 15-апрелинен кечикпей жооп бериши керек болот.

 
Эң көп окулган жаңылыктар