19:33
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

«РусГидро» кыргыз өкмөтүнө соттошуу боюнча кат жөнөтүлгөнүн ырастады

Орусиянын «РусГидро» компаниясы Гаага сотунда «Жогорку Нарын ГЭСтер каскады» долбооруна байланыштуу анын арызын карай турган курам жана соттук иштин графиги аныкталганын расмий маалымдады.

Мекеменин сайтында чыккан билдирүүдө айтылгандай, компаниянын Кыргызстанга каршы даттанган арызына кыргыз өкмөтү 2019-жылдын 15-апрелинен кечикпей жооп бериши керек болот.

«РусГидро» ошондой эле расмий Бишкектин «соттошуу жөнүндө кабарлоо каты келген эмес» деген билдирүүсүн төгүндөдү. Компания 2018-жылдын 15-январында Кыргызстандын президентинин, премьеринин, Экономика министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин жана башка тиешелүү мекемелердин атына иш арбитраждык сотко берилгени тууралуу маалымдама жөнөтүлгөнүн билдирди.

Буга чейин Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинин башчысы Муратбек Азимбакиев Орусиянын «РусГидро» компаниясы Кыргызстанга каршы Гаага сотуна кайрылганы тууралуу Бишкек расмий билдирүү ала элек экенин «Азаттыкка» билдирген эле.

2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, Камбар-Атаны «Интер РАО» ишканасы, Жогорку Нарын ГЭстер каскадын «Русгидро» курмай болгон.​ Бирок иш создугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсациялаган соң Орусия курулушка 37 миллион доллар сарптаганын билдирип, аны төлөп берүүнү талап кылып келе жатат. Ал эми кыргыз тарап бул суммадан күмөн санап, эл аралык аудит өткөрүүнү талап кылууда.

 

Эң көп окулган жаңылыктар