18:47
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

КТРКнын байкоочу кеңешиндеги бош орунга сынак жарыяланды

КТРКнын байкоочу кеңешиндеги бош орунга сынак жарыяланды. Бул боюнча парламент маалымдайт. 

Байкоочу кеңештин мүчөсү Айгүл Жунушалиева өз арызынын негизинде ордун бошоткон. 

Белгилей Коомдук теле-радио компаниянын ишине 15 мүчөдөн турган байкоочу кеңеш көзөмөл жүргүзөт. Алардын бешөө президент тарабынан, бешөө парламенттен, бешөө коомдук уюмдардан сунушталат. Байкоочу кеңеш беш жылга Жогорку Кеңештин депутаттары аркылуу бекитилет.

Парламент бош орунга талапкерлерлин тийиштүү документтерин кабыл алууну баштады. 

Эң көп окулган жаңылыктар