15:03
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жасалма документ менен 39 тонна күйүүчү май ташып бара жаткан унаа кармалды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлери Чүй облусунун аймагынан жасалма документ менен 39 тонна күйүүчү жана майлоочу май ташып бара жаткан унааны кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, Аламүдүн районунда бензин ташуучу унаа токтотулган. Айдоочу АИ-92 үлгүсүндөгү бензинге тиешелүү документтерди көргөзүп, Токмоктон ташып келе жатканын айткан.

«Текшерүү маалында документтер күмөн жараткандыктан, унаа атайын жайга токтотулду. Мамлекетке келтирилген чыгым эсептелүүдө», -деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума