Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынан «Азаттыкка» кабарлашты.
Ага ылайык, аталган кызматтын Ош облусундагы Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай райондору боюнча бөлүмү «У.Т и К.» деп аталган фирма Кытайда жайгашкан «Б» аттуу ишканага 2017-жылдан быйыл июль айына чейин курамында сурма бар 1764 тонна тоо-тек жана кошулманы мыйзамсыз сатканын аныктаган.
Мындан 6 миллион сомдон ашык пайда көргөн, бирок салык документтеринде өтө аз суммадагы акча жазылган. Ошондой эле «тергеп-иликтөөдө бул фирма Алай районунда гана кен казууга уруксат алганы, түстүү металлды үчүнчү өлкөгө сатууга лицензиясы жок болгону ачыкка чыкты» деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда мыйзамсыз сурма казган фактылар бар. Мунун айынан жаңжал чыккан жана адам өлүмү менен коштолгон окуялар да орун алган.