02:56
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкек—Ош унаа жолунда көчкүлөрдү атып түшүрүү иштери башталат

Бүгүнтөн баштап Бишкек—Ош унаа жолунун айрым чакырымдарында артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.



Гидрометеорология агенттигинин болжолдоосу боюнча, Бишкек—Ош унаа жолундагы 132-137-198-265-чакырымдарда кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан. Бул иштер 29-ноябрдан 5-декабрга чейин белгиленди.

Бул аралыкта унаа жолдогу каттам мезгил-мезгили менен жабылышы мүмкүн.



Эң көп окулган жаңылыктар