10:25
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында бош орундар жок

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында бош орундар жок. Кабылдамада күн сайын 5 дарыгер күнү-түнү нөөмөт өтөөдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ооруканадан билдиришти.

«24-25-ноябрь күндөрү кабылдамага 676 бейтап кайрылган, алардын 220сы жаткырылды», -деп билдиришти ооруканадан.

Оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтымында, бейтаптардын санынын өсүшүнө байланыштуу дарыгерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. «Бүгүнкү күндө стационар толуп калды, анда 507 бейтап дарыланууда. Бөлүмдөрдө 40тан 54кө чейинки бейтаптар бар, алардын ичинен 190у ОРВИ менен жабыркагандар», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар