10:18
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызча так сүйлөгөн орус улутундагы балдар интернетте алкоого арзыды

Кыргыз тилинде так сүйлөгөн орус улутундагы балдардын видеосу интернетте популярдуу болууда. Видео Facebook баракчасына жарыяланды.

13 жаштагы Александр Токтогулдан экендигин жана өзүн кыргыз деп эсептерин айтат. Ал эми анын иниси Моисей дагы суроолорго кыргыз тилинде жооп берип жатат.

Интернет колдонуучулар балдардын мекенчилдигине ыраазычылык билдирип, кыргыз тилин жакшы өздөштүргөнүн белгилешти.

Видео 15 миңден ашык киши жактырып, 400 жолу бөлүштү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби