12:58
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сузак районунда катталган жол кырсыгы 3 кишинин өмүрүн алды

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда катталган жол кырсыгы 3 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-ноябрда Таштак айылынын 22 жаштагы тургуну өзүнүн «Тойота Виш» үлгүсүндөгү автоунаасында кырсыкка кабылган. Кесепетинен айылдын 22 жаштагы үч тургуну каза болуп, бирөө шаардык оорукананын травматология бөлүмүнө жеткирилген.

Кырсыкка кабылгандар классташ болгон, алар кыз ала качууга баратышканы айтылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар