01:36
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Алайда жеңил унаа оодарылып, жүргүнчү окуя болгон жерде мүрт кетти

Ош облусуна караштуу Алай районунда жеңил унаа бир нече жолу оодарылып, жүргүнчү окуя болгон жерде каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, окуя Үч-Төбө айыл аймагына жакын жерде болгон. Алай районунун Сары-Таш айылынын тургуну «Хонда Степвагон» унаасы менен Ошту көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай калган.

Унаа Гүлчө дарыясынын жээгине чыгып, бир нече жолу оодарылып кетти.


Эң көп окулган жаңылыктар