Депутат Марлен Маматалиев Бишкектеги маршруткалар газга өтө турган болсо, анда аларды салыктан бошотууну сунуш кылды.
Анын пикиринде, дизелдик күйүүчү май менен иштеген автобустарды алып кирүүгө мораторий киргизүү керек. «Электромобиль же газ менен жүрө турган транспортторду алып келүү керек», -деди ал.
Депутаттын айтымында, маршруткаларга дагы стимул бериш керек. Алар газ боллондук жабдык орното турган болсо, анда салыктан бошотулушу мүмкүн.