02:19
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Баш калаада жол кырсыгын жасаганга шектүү делген айдоочу кармалды

Бишкекте жол кырсыгын жасаганга шектүү делген 18 жаштагы А.А. аттуу айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, белгисиз айдоочу Тыналиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жашы жете элек өспүрүмдү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Окуяга тийиштиги бар делип Бишкектин тургуну колго түштү.

Учурда унаа айып унаа токтотуучу жайга киргизилип, материалдар борбордогу ШИИББдин тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Жабырлануучу № 13 мектептин 10 жаштагы окуучусу экендиги анык болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума