Бишкекте маршруттук такси менен жеңил унаа сүзүштү. Бул тууралуу кырсыктын күбөлөрү билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы шаардык № 3-балдар ооруканасынын жанында катталган.
«Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү № 252-маршруттук такси менен «Хонда Фит» үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүшкөн. Күбөнүн айтымында, жол кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес.