17:15
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкек-Москва поездине билеттин баасы 55 пайызга арзандады

Бишкек-Москва поездине билеттин баасы 55 пайызга арзандады. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындан ары билеттин баасы 12 миң 834 сом турат. Бул купе вагонуна болгон баа. Ал эми плацкарт вагонуна жеңилдетилген баа менен 9 миң 767 сомго сатып алса болот.

Москвага бара турган жүргүнчүлөр поезддин билеттерин купе вагонуна 45 күндөн 41 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, билеттин жалпы баасына 55 пайыз жеңилдик берилет. Ал эми 40 күндөн 9 күнгө чейин алдын-ала сатып алса 45 пайызга чейин арзан баада сатып алса болот.

Эң көп окулган жаңылыктар