01:30
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кара-Балтадагы атышууда жабыркаган эки адам ооруканада жатат

Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн бириндеги атышууда жабыркаган милиционер да, кылмышка шектүү адам да ооруканада жатат.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева билдиргендей, окуя 18-ноябрда таңкы саат алтыларда болгон. Криминалдык милиция менен атайын даярдыктагы милиция кызматкерлери издөөдөгү кылмышкерди кармаганы барган кезде ал каршылык көрсөтүп, ок аткан. Натыйжада «Шумкар» атайын бөлүгүнүн кызматкери жарадар болгон. Кармоо учурунда шектүү да жараланып, экөө тең ооруканага жеткирилген.

«Бул факт боюнча Жайыл райондук тергөө тобу кылмыш ишин козгоду. Окуя «укук коргоо органынын кызматкерине кол салуу» деген негизде териштирилип жатат», — деди Назира Имангазиева.

Жабыркагандар дароо Чүйдөгү аймактык ооруканага жеткирилип, андан соң бири Бишкекке которулган. Милиция алардын абалы тууралуу маалымат бере элек.

Эң көп окулган жаңылыктар